• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда быйыл 150 миңдей бала 1-класска барат

Билим 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Кыргызстан боюнча быйыл 1-класска 150 миңдей бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон биринчи класска электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан бул сан өзгөрүшү мүмкүн экендигин эскертишти.

Эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө/башкармалыгына кайрылышы керек.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 2023-жылдын 11-апрелинде башталган жана 31-августта аяктайт.

Республика боюнча 2 миң 350дөн ашуун мектеп бар, аларда болжолдуу 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим бар.

1-сентябрга карата жаңы курулган 42 мектеп, 4 спорт зал колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий