• 87
  • 89.63
  • 0.85

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлугуна сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Ведомтсвонун маалыматына ылайык, сынак “билим берүү жөнүндө” кыргыз республикасынын мыйзамынын жана министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт.

Белгиленгендей, жалпы республика боюнча 506 бош орун бар.

Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2024-жылдын 6-декабрынан башталып, 2024-жылдын 19-декабрына чейин болот.

Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

  • Doo.talas@ncokoit.kg
  • Doo.naryn@ncokoit.kg
  • Doo.g.osh@ncokoit.kg
  • Doo.chui@ncokoit.kg
  • Doo.ja@ncokoit.kg
  • Doo.batken@ncokoit.kg
  • Doo.osh@ncokoit.kg
  • Doo.ik@ncokoit.kg

Doo.bishkek@ncokoit.kg

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин https://ncokoit.kg/ сайтына жарыяланат.

Кошумча маалымат департаменттин төмөнкү телефондору аркылуу берилет: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150.

Пикир

Оставить комментарий