• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Мектептердеги китептерди жаңылоого 4,5 млрд сом керектелет – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 26.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Мектептердеги китептерди жаңылоого 4,5 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул сумманын ичинде республикалык бюджеттин, ата-энелердин жана донорлордун каражаттары киргизилген. Республикалык бюджеттен буга чейин жыл сайын 152 млн сомдон бөлүнүп келген. 2025-жылдын бюджетинин долбоорунда китеп басып чыгарууга 460 млн сомду берүү керек деп бекитилүүдө. Бул каражат мурдагыга салыштырмалуу 300 млн сомго көп.

“Финансы министрлиги тарабынан дагы каржы булактары каралууда. Ошондой эле биз Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдардан китептерди басып чыгарууга акча сурап жатабыз. Эгер ал каражаттар бекитилип калса, келе жаткан 3 жылдын ичинде жаңы иштелип чыккан китептерди каржылап, мектептерди толугу менен китеп менен камсыздоого аракет жасайбыз”, - деди ал.

Ошондой эле Акыйкат Баймуратова белгилегендей, акыркы 2 жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган. 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, “Учкун” басмаканасында басылып чыкты. Андан тышкары, 2 млн 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен жарык көрдү.

Пикир

Оставить комментарий