• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мэрия: Бишкекте ар аптада автобустардын айдоочуларына карата жарандардан түшкөн арыздар каралат

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Техникалык кеңеш автобустардын айдоочуларына карата жарандардан түшкөн арыздарды кароодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык мэрия жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы бардык арыздарды кылдаттык менен көзөмөлгө алат. Ар жумада Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасында техникалык кеңеш өтүп, анда шаардыктардын жана жүргүнчүлөрдүн коомдук транспортко карата арыздары каралат.

2021-жылдын 2 айында 21 арыз түшүп, алардын 16 сы боюнча чечим чыгарылды, 5 учуру каралууда. Бүгүнкү күнгө карата айдоочуларга карата 5 рапорт түзүлүп, дагы 5 шаардыктан арыз түштү.

Пикир

Оставить комментарий