• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Министрлик: Өлкөдөгү КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө

Ден соолук 0

Бишкек, 13.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. 2025-жылдын 2-жумасында 6-январдан тартып 12-январга чейин Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7 миң 415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч 2025-жылдын биринчи жумасына салыштырмалуу +1,7 эсе жогору, эпидемиялык босогодон -29,1 пайызга төмөн. Учурда ооругандардын 7,9 пайызын түзгөн 586 бейтап ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылып жатканы кошумчаланды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керектигин эскертет:

- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

"Өлкөдөгү КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий