• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Минскте Кыргызстандын элчилиги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Коом 0


Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Минскте Кыргызстандын элчилиги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл элчиликтин материалдык-техникалык базасы бир топ жакшыртылып, имараттын ичи капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

"Элчилик өлкөнүн жүзү болуп саналат. Кыргызстанда эч качан болуп көрбөгөн чет элдик дипломаттарда, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүндө элчиликтен биздин өлкө жөнүндө жакшы же башка пикир жаралышы мүмкүн. Ошол үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүздүн жакшы абалда болушу абдан маанилүү.

Азыр Кыргызстан кечээки эмес. Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө бардык тармактарда өсүш болууда. Муну өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары жана ири эл аралык уюмдардын жетекчилери канааттануу менен айтып келишет. Азыр эми биздин элчиликте ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө жана чет элдик меймандарды татыктуу кабыл алууга толук шарттар түзүлдү", - деп билдирди Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий