• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте эми салыктарды КТБларда төлөөгө болот

Коом 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана аймактык салык башкармалыктарындагы, банктардагы жана почта түйүндөрүндөгү кезек күтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн борбордогу калкты тейлөө борборлорунда салык төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, жарандар салыктарды төмөнкү калкты тейлөө борборлорунда төлөй алышат:

- №1 КТБ, дареги – 12-кичирайон, Нуркамал көч. 29 («ДК» соода борбору);

- №2 КТБ, дареги – Чокон Валихано көчөсү 2;

- №3 КТБ, дареги – Жаш Гвардия проспектиси 4;

- №4 КТБ, дареги – Жибек-Жолу проспектиси 381.

«Урматтуу жарандар! Транспорт салыгын 1 -сентябрга чейин, 2 -сентябрга чейин - жер салыгын жана батирлерге, үйлөргө салыкты төлөөгө жетишиңиз », - деп билдиришти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий