• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мира Карыбаева: Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла алдыга өнүктү

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. «Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла алдыга өнүктү», — деп билдирди бүгүн, 2018-жылдын 10-сентябрында Варшава шаарында ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча кеңешмесинде Кыргызстан делегациясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева

Мира Карыбаева учурда Кыргыз Республикасында парламенттик демократияны өнүктүрүү процесси жүрүп, улуттук мыйзамдар өркүндөтүлүп, эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирилип, сот жана укук коргоо системасынын реформасы ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу аткарып, ЕККУнун адам укуктарын коргоону жакшыртууга багытталган демилгелерин мындан ары дагы колдоорун баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы 10-сентябрдан 21-сентябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча кеңешмесине катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий