• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Москвада КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Россиянын Москва шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.

Төмөндө кол коюлган документтердин тизеси:

- Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жөнүндөгү макулдашуу;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандум;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин 2025–2026-жылдарга гуманитардык кызматташуу жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралардын планы;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жөнүндө;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий