• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Москва шаарынын жашоочусу Варя Борцова кыргызстандык таксист аны сегиз саат күтүп, капчыгын кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына таңкы беште аэропорттон кайтып келгенин, аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткиргенин жазды. Ал документ, акча жана кредиттик карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билген:

– Мен кредиттик карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтирүү керектигин ойлонуп жатсам, атам терезени карап: “Сыртта таксинин жанында турган жигит кокустан сенин айдоочуң эмес беле?” деп калды. Мен көчөгө чуркап чыктым, ал чын эле дал ошол кыргызстандык таксист экен. Ал мени сураштырып сегиз саат көчөөдө жүрүптүр.

– “Кайда жүрдүңүз? Ушунча да уктоого болобу? Мен бул жерде тоңуп калдым” деди, Мен ыйлап жибердим, ал да ыйлады. Мен аны кучактадым. Бул кишинин чынчылдыгы мени таң калтырды. Кандай гана адам, - деп жазды Борцова.

Варя Борцова такситтин атын суроону унтуп калганын билдирди. Ал кыргызстандыкка ыраазычылык иретте баштагысынан беш эсе көп акча төлөп берген. Кийинчерээк такситтин аты-жөнү Кайрат Тентимишов экени белгилүү болду.

Борцова ММКларга берген интервьюсунда буга чейин Бишкекте болгонун, бул өлкөнү таануу үчүн дагы узак мөөнөткө келип кетүүнү каалай турганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий