• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Муниципалдык менчикти аныктоо бюджеттин кирешесин эки эсеге көбөйтөт

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Айрым жеке адамдар муниципалдык менчикти эч кандай уруксат кагаздары жок пайдаланууда. Мыйзамдарды бузуу менен алар каржылык пайда алып жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинен кабарлашты.

Департаменттин маалыматына ылайык, муниципалдык менчикти ижарага берүүдөн түшкөн бардык каражаттар жергиликтүү бюджетти толуктайт. Мындан улам мекеме шаар тургундарына кайрылып, борбор калаанын аймагындагы мыйзамсыз ээленген муниципалдык менчик объекттерин аныктоого көмөктөшүүнү суранууда.

Объекттин жайгашкан жери тууралуу маалыматты сүрөттөрү менен 0551559644 телефон номерине жөнөтүүгө болот. Купуялуулук сакталат.

“Келип түшкөн кайрылуулардын негизинде бөлүм тарабынан белгиленген формада инвентаризация жүргүзүлүп, анын натыйжасында сиздердин жардамыңыз менен муниципалдык объектилердин саны көбөйөт. Муниципалдык менчиктин реестрине кошулуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешени эки эсеге көбөйтөт, бул өз кезегинде шаардыктардын жана сүйүктүү Бишкек шаарын жакшыртууга багытталат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий