• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык элчиликте жарандарды кабыл алуу токтотулбай, кызматкерлер өз иштерин аткарууда. Күнү-түнү тез байланыш линиясы иштеп, кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна тийиштүү жооптор жана кеңештер берилүүдө.

Элчиликтен билдиришкендей, азыркы тапта кыргыз жарандары Россия-Казакстан чек арасынан темир жол аркылуу жана автоунаалары менен өтө алышпайт. Жарандар Россиядан аба каттамдары аркылуу гана чыга алышат жана Россияга киргизилген чектөө алынгандан кийин гана кире алышат. Чектөө 18-мартта киргизилип, 1-майга чейин уланат.

Буга байланыштуу, элчилик бардык жарандарыбызга кырдаалга өтө олуттуу мамиле кылуу менен киргизилген тартип, эрежелерди бекем сактоого чакырат:

- керек болбогон учурда адамдар көп чогулган жерлерге барбоо;
- жеке гигиенаны сактап, саламаттык сактоо органдарынын сунуш, көрсөтмөлөрүн так аткаруу;
- эпидемияга каршы такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарда, жеке баракчаларда таркатпоо;
- инфекцияны жугузуп алуунун белгилери байкалса, тез арада "103" телефону аркылуу дарыгерлер менен байланышып, тез жардамды чакыруу керек.

Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн даректер: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04, же e-mail: info@kyrgyzembassy.ru, ошондой элчинин блогуна www.elchi.ru байланышса болот.

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Пикир

Оставить комментарий