• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын: Эртеңден баштап борбордук базарга унаа киргизилбейт

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Эртең, 12-майдан баштап Нарын шаарындагы борбордук базарына унаа киргизилбейт. Мындай тапшырманы, бүгүн, 11-майда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров борбордук базарды кыдырап эскертүү берип жатканда тиешелүү кызматкерлерге берди.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ал эми товарларды түшүрүүгө саат 9:00гө чейин жана 16:00дөн кийин уруксат берилет.

Эске салсак, Нарын шаарындагы борбордук базар мурунку тартип менен саат 14:00гө чейин гана иштейт.

Пикир

Оставить комментарий