• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Быйыл Нарын облусунда 46 даана трансформатор оңдоодон өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Нарын электр тармактар ишканасынын трансформаторлорду оңдоо цехи 2025-жылга карата 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, цехте эскирген, бузулуп, тетиктери иштебей калган жана пайдалануу мөөнөтү өткөн трансформаторлорду оңдоо, күйүп кеткен же алмаштырууга муктаж болгон тетиктерин алмаштыруу процесси жүргүзүлөт.

Оңдоо цехинде 5 адам иштейт. Алар кургатуучу, трансформатор майларын тазалоочу жана ширетүүчү жабдуулар менен камсыз болгон жайда иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий