• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нарын районунун борбордук паркын реконструкциялоо пландалууда – эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Нарын районунун Куланак айылындагы көптөн бери каралбай калган А.Орозакунов атындагы борбордук паркынын жаңы долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Парктын долбоору жана сметалык документациясы Нарын районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Учкун айыл өкмөтүнүн буйрутмасы боюнча иштелип чыкты.

Парктын жалпы жер аянты 0,63 гектерды түзөт. Парктын ичинде бассейн, сахна, 1941-1945-жылдардагы Ата-мекендик согуштун ардагерлеринин эстелиги, балдар ойноочу аянтча, чуркоо жолу, түнкү жарыктандыруу, воркаут, шахмат аянты жана башка объекттер жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий