• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Нарын шаарындагы ипотекалык көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 22- июлда Нарын шаарынын Чокморов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу 60 батирлүү Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, батир ээлерине ачкычтарды Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана аталган компаниянын калаадагы өкүлү Айтбек Мамбетсеитов тапшырган.

""Минур" ЖЧК компаниясы тарабынан курулган бул көп кабаттуу үйдө 30 батир бир бөлмөлүү болсо, 30у эки бөлмөлүү. Мындан сырткары, жалпы ремонту менен коммуникацияларга кошулган. Өздүк салымы жок 15 жылга берилип, ай сайын бир бөлмөлүү батир үчүн 10 миң 331 сом төлөнсө, 2 бөлмөлүү батир үчүн 14 миң 174 сом төлөнөт. Учурда бул көп кабаттуу үйдүн 40 батири ипотекага берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий