• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто айымдар арасында волейбол боюнча шаардык мелдеш башталды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта, Ош шаарында 8-март - аялдардын Эл аралык күнүнө карата айымдар арасында волейбол боюнча шаардык мелдеш башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, кыздар арасында спорттук мелдештерди өткөрүү менен сергек жашоо образын жайылтуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Турнирге 30 команда катышууда, анын ичинен 12 команда шаардык уюмдардан, 4 команда жогорку жана орто атайын окуу жайлардын окутуучуларынан, 11 команда ЖОЖдун студенттеринен, 3 команда 40 жаштан жогорку катышуучулардан куралган.

Турнир 4-5-март күндөрү өтөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий