• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарында фермерлерге асыл тукум мал багуу жана тоютту чыгымсыз камдоонун сырлары үйрөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Нарын районунун Чет-Нура айылында айыл чарба адистери дыйкан-фермерлер үчүн семинар өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда адистер гидропоникалык ыкма менен чыктуу тоют даярдоонун жана асыл тукум мал өстүрүүнүн, сандан сапатка өтүп, аз малдан көп киреше табуунун үлгүлөрү тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.

Адистердин айтымында, малдын санын гана көбөйтүп, туягын санай бербей сапатына көңүл буруу учур талабы. Жылдан жылга тоют тартыштыгы да курч маселеге айланууда. Мындан улам жасалма уруктандырууну колго алуу, асыл тукум мал чарбаларын көбөйтүү, тоют топтоодо альтернативалуу ыкмаларды колдонуп, чыктуу тоют даярдоо аракеттерин жайылтуу негизги талаптардан.

Гидропоника - өсүмдүктү топураксыз жасалма чөйрөдө өстүрүү. Бул жол менен өстүрүүдө өсүмдүктүн тамыр системасы сууда же нымдуу абада (аэропоника) өөрчүп, керектүү затты азыктандыруучу эритмеден алат. Башкача айтканда, 1 кг арпадан же буудайдан 5-6 күндүн ичинде 5-6 кг тоют алса болот. Үй шартында жасалган атайын текчелерде тиешелүү нымдуулук, жылуулук жетишсе эле тоют даяр болот. Мындай тоют витаминдерге бай болгондуктан малдын этинин, сүтүнүн калориясы тез арада жакшырат.

Ошондой эле семинарда ири мүйүздүү малдын породалары, жасалма уруктандыруунун өзгөчөлүктөрү, асыл тукум малды бага турган сарайлардын салуунун ыкмалары, ошондой эле асыл тукум мал алуунун жолдору, ага багытталган жеңилдетилген насыялар туурасында да кеңири маалыматтар берилди.

Агахан фондунун MSDSP KG программасы жана ЮСАИД уюму каржылык колдоосу менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган окутууга Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Мыктыбек Каландаров, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, эл аралык өнөктөштөр, айыл чарба адистери жана дыйкан-фермерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий