Нарында "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Нарын облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жана соттун санкциясы менен Ат-Башы районунун Большевик айылында "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын 9 активдүү мүчөсү жашаган жерлерде тинтүү иштерин жүргүздү.

Анын жыйынтыгында "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымына тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, дептерлер жана журналдар, ошондой эле электрондук ноутбуктар, флешкалар жана телефондор табылды. Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалып, Нарын ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилей кетсек, уюмдун 3 мүчөсү аталган экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий