Нарында "Кыргыз шырдагы XV" эл аралык фестивалы башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы XV" эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фестивалга Турция, Араб Эмираттарынан, Өзбекстан, Казакстан меймандар, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык кол өнөрчүлөр келди.

Фестивалда 1 миңден ашык кол өнөрчүлүк буюмдары сынакка коюлду.

Пикир

Оставить комментарий