• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ноябрь айында мамкарызды жабууга 1,6 млрд. сомго жакын каражат сарпталды

Экономика 0

Бишкек, 03.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. 2018-жылдын ноябрь айында ведомстволук классификация боюнча бюджеттик чыгымдарга 11,2 млрд. сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал каражаттын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 2 млрд. 552 млн. сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулга 766 млн. сомдон ашык каражат, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 4,7 млн. сом бөлүнгөн. «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 688,7 млн. сомду түзгөн.

Ошондой эле мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1,6 млрд. сомго жакын бюджеттик каражат жумшалган.

Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий