• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ноокен милициясы көчмө кабылдама менен айылдарды кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен райондун аймагындагы жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын максаты жергиликтүү жашоочулар менен милиция кызматкерлеринин мамилесин чыңдоо, элдин милицияга болгон ишеничин арттыруу, ошондой эле жеринде жашоочулардын арыз даттанууларын угуп көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Милициянын көчмө кабылдама унаасына арыз менен он жаран кайрылып, алардын арыздары тийиштүү мекемелерге жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий