• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарында посттон өткөн ар бир автоунаа дезинфекцияланууда - штаб

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Нарын облусунда посттордон өткөн ар бир автоунаа дезинфекцияланып, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, посттон өткөндөрдүн өздүгү, телефон номерлери атайын китепчеге катталып жатат. "Нарында жалпы 13 санитардык-карантиндик пост уюштурулуп, 72 мобилдик көзөмөл тобу иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетет. 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий