• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарына таза суу маселеси боюнча атайын борбордон эксперттер чакыртылды

Аймак 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-августта, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов “Төлөйкөн суу тазалоочу пунктуна Даңги участкасынан суу түтүгүн тартуу” долбоору менен таанышуу үчүн Даңги аймагына барып, шаардыктарга таза суу жеткирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөрдү жеринен көрүп кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3 млн АКШ доллары сарпталуучу бул долбоорду шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов борбордон келүүчү адистер менен да кеңешип анан баштоо керектигине токтолду.

“Таза суу маселеси Ош шаарындагы эң негизги көйгөй экендигин жакшы билем. Бүгүн бул мүчүлүштүккө өзүм да күбө болдум. Андыктан аз убакыттын ичинде чечүү жолдорун карап чыгып, ишке ашыруу зарылчылыгы турат. Ал үчүн борбордон таза суу чыгаруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырган, тажрыйбасы көп адистерди чакырып жатабыз. Коротулуучу акча каражатын туура пайдалануу үчүн ушундай багытка баруу керек. Антпесек, долбоор ишке ашып, натыйжасын бербей калса, шаардыктарга таза сууну берүүнүн токтошу негизги көйгөй боюнча калат”, - деди А.Мамбетов.

“Төлөйкөн суу тазалоочу пунктуна Даңги участкасынан суу түтүгүн тартуу” долбоорун ишке ашыруу үчүн каражатт Евразия өнүктүрүү жана реаблитациялоо банкынын жардамы менен чечилет.

Пикир

Оставить комментарий