Ноокенде балдар арасында бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.05.23./Кабар/. Ноокен районунда балдар арасында бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө.

«Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок» аталыштагы мелдеш Улуу Жеӊиштин 78 жылдыгына арналган.

Эл аралык мелдеш 5-7-май күндөрү өтүп, ага 15 командадан турган 100дөн ашуун спортчу катышууда. Үч күндүн ичинде 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар 20 салмак категориясында күч сынашат.

Жалал-Абад облустук милициясы билдиргендей, эл аралык турнир ички иштер органдарынын ардагери, бокс боюнча спорт чебери Манас Сапаров тарабынан демилгеленип, Ноокен райондук райондук мамлекеттик администрациясы, Момбеков айыл өкмөтү, Ноокен райондук ички иштер бөлүмү, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий