• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Новопавловка: мектептеги чуудан кийин директор Диляра Абдуллаева кызматтан алынды

Коом 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин директору Диляра Абдуллаева кызматтан алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Мурда текшерүү бүткөнгө чейин Абдуллаева убактылуу кызматынан четтетилди деп кабарлаган болчу.

Прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, мектепте мыйзам бузуулар табылган. Тийиштүү материалдар Финансы полициясына жиберилди.

Мектепке жаңы директор болуп Самаркул Умралиева дайындалды. Ал буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгында эмгектеген.

Эске салсак, ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларына жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалымат ала албаганына нааразы болуп келишет.

Алар чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканы тууралуу отчет берип, мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий