• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нур-Султан шаарында өткөн Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны – фоторепортаж

Президент 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 28-29-майында эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарында болду.

28-майда Жээнбеков казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулашты.

Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Сооронбай Жээнбековду «Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйлады.

29-майда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) чакан жана кеңири курамындагы мааракелик жыйынына катышты.

Жыйындын жыйынтыгында эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий