Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Эр эңиш федерациясынын машыктыруучулары жана балбандары менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, Нурланбек Азыгалиев улуттук оюндардын ичинен эр эңиш оюну кыргыз спортунун жүзү экенин айтып, бүгүнкү күндө ал эл аралык деңгээлге көтөрүлгөнүн жана биздин балбандар жеңишке жетип жатканын баса белгиледи.
«Байыртан көчмөн бабаларыбыздын бардык майрамы эр эңишсиз өткөн эмес. Даңазалуу Манас эпосунда да эр эңиштер тууралуу айтылып, балбандардын ат үстүндө күч сынашканы кеңири баяндалат. Доор алмашып, кыргыз эли кандай гана бурулуштарга кабылбасын ата оюнун – эр эңишин унуткан жок. Биздин балбандар үч жолку Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздын даңкын чыгарып, I Көчмөндөр оюндарда Молдокулов Нурлан жана Карагулов Руслан жеңишке жетишсе, кийинки оюндарда Бусурманкул уулу Калыбек, Турдубеков Жекшенбек, Кыдыралиев Күмүшбек жана башка балбандарыбыз өздөрүнүн күчүн жана чеберчилигин көрсөтүштү», - деди Азыгалиев.
Ошондой эле, кыргыз улуттук оюндарда элдин теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылганын айткан депутат, улуттук дөөлөттүн айныгыс бөлүгүнө айланган оюндарыбызды өнүктүрүүбүз керектигин белгиледи.
Муну менен катар Наргиза Якубованы Эр эңиш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти болуп шайланышы менен куттуктап, федерациядагы алгачкы жетекчи айым экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Эр эңиш федерациясынын вице-президенти А. Кукеевге, калыстар тобунун жетекчиси Н. Суймоналиевге ж.б. машыктыруучуларга, Эр эңиш федерациясынын курама командасынын мүчөлөрү, байге багындырган балбандарга Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.
Пикир
Оставить комментарий