• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Манас» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун бир катар кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 9-февралында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев «Манас» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун бир катар кызматкерлерин Ардак грамота жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

«Мен «Манас» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун кызматкерлерине эрдик эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. 2021-жылы жогорку даражадагы жана чет элдик коноктордун катышуусунда көптөгөн иш-чараларды өткөрдүк. Аэропорттун кызматкерлери күнү-түнү аба ырайынын шартына карабай өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, милдеттерин аткарышты», - деп билдирди Мирбек Кожоев.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жигердүү салым кошуп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаргандыгы үчүн КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланат:

- Аскарбеков Жеңишбек – «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын авиациялык коопсуздук кызматынын башчысы;

- Абдрахманов Алмаз Жумабекович – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун директору;

- Устабаев Бактыбек – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун директорунун орун басары;

- Самудинов Кубат – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын башчысы;

- Рахманалиев Айбек – «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын авиациялык коопсуздук кызматынын башчысы;

- Шеров Давран – «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын периметрдик кызматынын айдоочусу.

КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Алкыш баракчасы менен сыйлансын:

- Абдурасулов Бактыбек – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун атайын автоунаалардын айдоочусу;

- Майчинова Гүлайым – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрдү аба ташуу кызматынын агенти;

- Якубова Шахноза – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун тазалоочусу;

- Асанова Гүлзат – «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун атайын көзөмөлдөө кызматынын инспектору;

- Мамбетжанова Мираида - «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун атайын көзөмөлдөө кызматынын инспектору.

Пикир

Оставить комментарий