• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

68 кг салмак ченинде күрөшүп жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда япониялык балбан Ноноки Озакини 8:6 эсебинде артта калтырды.

Буга чейин Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келип, 8:3 эсеби менен жеңип алган болчу.

Финал үчүн беттеште Мээрим Жуманазарова нигериялык спортчу Блессинг Оборудуду менен күч сынашат.

Жарым финалдык мелдештер саат 01:00дө болот.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта орун алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий