• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Шанхайда өтө турган Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Байдаркада жана каноэде сүзүү боюнча Кыргызстандын курама комадасы Азия чемпионатына катышат. Мелдеш Шанхай шаарында (Кытай) 13нөн 19-октябрьга чейин өтөт.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, Кыргызстандын атынан башкы машыктуруучу Олег Рогаевдин жетекчилиги астында спортчулар Игорь Дорофеев, Максим Бондарь, Руслан Молтаев, Максим Сердиков жана Кирилл Бондарьлар барышат.

Спортчуларга мелдешке барып келиши үчүн 716 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий