• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жозе Моуринью "Тоттенхэм" командасынын жаңы машыктыруучусу болуп дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. "Манчестер Юнайтед" жана "Челси" клубунун мурдагы машыктыруучусу Жозе Моуринью англиялык "Тоттенхэм" командасынын жаңы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу BBC кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Моуринью менен түзүлгөн келишим 2022-2023-жылкы сезондун аягына чейин созулат. Ал "Тоттенхэм" командасынын мурунку машыктыруучусу Маурисио Почеттинонун ордуна келди.

Моуринью 2018-жылы "Манчестер Юнайтед" клубунан бошотулгандан бери эч бир жерде иштеген эмес. Бул аралыкта ага Испания, Португалия жана Кытай тараптан келген сунуштардан баш тарткан.

Жозе Моуринью "Манчестер Юнайтедди" жетекчилик кылып турганда Европа лигасын (2017-жылы) жеңип, Англиянын суперкубогуна ээ болгон. Ал эми, "Челси" командасынын машыктыруучусу болгондо Англиянын үч жолку чемпиону, Англиянын кубогун жана суперкубогун жеңген.

Пикир

Оставить комментарий