• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкерге секундант болгон өзбек машыктыруучусу сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Күн мурун Ташкентте өтүп жаткан эл аралык форумда Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго Ч.Айтматов атындагы медаль тапшырылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, медады Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова тактпшырды.

"Мунарбекке секундант болгонума кубанычтамын, биз, боордош элбиз, бири-бирибизди колдоп сезип турабыз жана достугубузду дүйнө элине көрсөтө алдык. Кыргызстанда бокс өнүгүп жатканына Мунарбектин жеңиштеринен көрүп жатабыз. Мындай жогорку сыйлыкка ээ болуп, кыргыз элинин колдоосуна алынган мен үчүн чоң сыймык", - деди Акмал Хасанов.

Ассоль Молдокматова Хасановго медаль тагып, ак калпак жана чапан кийгизип, кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары, белгилүү сурөтчү Сабитжан Бабажановдун сүрөтүн белек кылып, Ысык-Көлгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий