• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алды

Спорт 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Ош облусундагы "Төлөйкөн" ат майданында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата көк бөру боюнча КР президентинин кубогу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге 6 команда катышууда.

Бүгүн "Биримдик" (Жалал-Абад) - "Кара-Суу" командалары беттешип, 5:4 эсебинде "Кара-Суу" командасынын жеңиши менен аяктады.

Эртең, 29-августта "Достук"-"Ынтымак", "Жаштык"-"Мурас" командалары ат салышат.

Пикир

Оставить комментарий