Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Кечээ, 14-июль күнү Ош облусундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунунун 60-чакырымында жеңил унаа Ак-Буура суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, сууга кулап кеткен ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаада 3 эркек жана 1 аял киши болгон.
Издөө иштерине 19 куткаруучу тартылып, саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Караңгы киргенине байланыштуу саат 21:40да издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 15-июль күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий