• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ош облусунун аймагында көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Ош облусундагы көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийлик, Монополияга каршы жөнгө агенттигинин Ош облустук башкармалыгы, салык кызматы жана Милиция кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө сатылып жаткан көмүрдүн баасы текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө ортомчулар аркылуу сатылып жаткан көмүрдүн баасы 9-10 сомго жогорулап кеткени аныкталды. Аталган сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз кымбат сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып салынды.

Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында 78 жерге арзан көмүр сатуучу көмүр базалары ачылган. Аталган базарларда көмүрдүн баасы 5-5,50 сомдон сатылууда. Социалдык көмүр базарлардан көмүр алуучулар өздөрү жашаган аймактагы айыл өкмөт кызматкерлерине кайрылсаныздар болот.

Пикир

Оставить комментарий