• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокен райондук прокуратурасы жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук прокуратурасы жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу райондук прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан президенттин 2016-жылдын 15-мартындагы "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктарын коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" №58 сандуу жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Аталган жолугушуу 3-мартта Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары, укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү маселелери каралды. Ошондой эле укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү эрежелери толук түшүндүрүлдү.

"Бүгүнкү күндө прокуратура органдарынын ишинин негизги багыттарынын бири болуп жеке ишкерлердин укуктарын коргоо болуп саналгандыктан, прокуратура органдары тарабынан аталган багытта жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий