• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгы айтылды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Ош шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.

Шайлдабекованын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5% шайлоо босогосунан төмөнкү партиялар ашкан:

  • “Жаңы Кыргызстан” – 43,36 %;
  • “Ынтымак” – 20,02%;
  • "Мурас" – 15,15%;
  • "БИР БОЛ" – 9,75 %
  • "Милдет" – 10,43 % добушка ээ болушту.

Ал эми Ош шаарында шайлоочулардын 1,33%ы “баарына каршы” деп добуш берген.

Пикир

Оставить комментарий