• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ош шаарындагы Монуев көчөсүндө унаа тыгынын азайтуу аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда таңга маал Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ы.Монуев көчөсүндөгү арканын жанындагы жол түйүнүнө барды.

Мэриядан билдиришкендей, бардык тиешелүү кызматтарга Ы.Монуев көчөсүнүн сол тарабындагы альтернативдик көчөдө кыймыл ачуу максатында бетон тосмолордун бир бөлүгүн алып салуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле белгиленген мөөнөттүн ичинде аталган кесилишке жол чырактарды жана тиешелүү жол белгилерин орнотуу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий