Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, Орозо айт намазы шаардын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу вице-мэр Венера Рыскулова жетектеген Орозо айт намазын окууну уюштуруу комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Жыйында тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнө уюштуруу маселелерин чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Орозо айт намазы 2-майда саат 07:30да окулуп баштайт.
Пикир
Оставить комментарий