Ош шаарындагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Ош шаарындагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун мэр Бакытбек Жетигенов “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177 жана “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Чкалов көчөсүндө башталган жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты.

Мэр тиешелүү кызматтарга жасалып жаткан бардык жумуштарды талапка ылайык сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылышын тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү тургундардын кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан көмөк көрсөтүүлүдө.

№177 көчөсүндөгү жолдун узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт. Узундугу 1 чакырым, туурасы 2,25 метрди түзгөн тротуары кошо курулат.

Ал эми Чкалов көчөсүндө 850 метр жол толук оңдолуп, эки көчөдө тең ирригациялык тармактар, жарыктандыруу системалары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий