• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 4 жаран кармалган

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде Жалал-Абад облусунда 25 кылмыш катталган. Алардын ичинен 11 кылмыш өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары (11) жаан Сузак (4) районунда катталган.

Ошондой эле Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 4 жаран кармалган.

"Жалал-Абад шаарында 3 киши, Сузак районунда 1 адам кармалды", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий