Оштогу 720 орундуу И.Раззаков атындагы мектептин курулушу быйыл аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Ош шаарындагы 720 окуучуга ылайыкташкан И.Раззаков атындагы мектебинин курулушун быйыл бүткөрүү каралууда. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Бакытбек Жетигенов каржы маселесинен улам курулушу токтоп турган имаратты жана эски авариялык мектептин абалын көрүп чыкты.

Ош облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы курулуш иштери токтоп турган мектеп имараты быйылкы жылы КР министрлер кабинети тарабынан каржылануучу имараттардын тизмесине киргендигин билдирди.

Мэр шаардык билим берүү башкармалыгы менен макулдашып, эски авариялык абалдагы мектептин имаратын мыйзам чегинде бузууну тиешелүү кызматтарга тапшырып, курулуш иштеринин сапатына жана аларды аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле тиешелүү шаардык кызматтарга курулуш иштерин жүргүзүүдө ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү милдеттендирди.

Эске салсак, И. Раззаков атындагы мектеп 720 окуучуга ылайыкташкан. Волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары, гимнастикалык тренажердук, метеорологиялык жана географиялык аянттар каралган. Мектептин жаңыдан курулуп жаткан имараты республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Имараттын негизги аянты 7090,0 м2.

Пикир

Оставить комментарий