Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Ош шаарында "Улук-Ата" кафесинен чыккан өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шакиров көчөсүндө жайгашкан "Улук-Ата" кафесинин чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 14:12ден тарта ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүм жана автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий