Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кечээ,12-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугуп, орчундуу ойлорун угуп кайтты. Жолугушуу шаардагы жалпы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө жашоочулар калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевге кат аркылуу суроолорун узатып жооп алды. Жол жана таза суу маселеси Жапалактыктардын эң негизги көйгөйү экенин билген шаар башчысы бул багытта иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.
“Өлкө көз карандысыздыгын алгандан бери Жапалактын айылдарында таза суу маселеси курч болчу. Бул багытта иштер жүрүп, учурда 5-6 сааттан таза суу менен камсыз болуп жатат. Таза суу таңкыстыгын жоюу максатында иштер жүрүп жатат. Акырындык менен болот. Ошондой эле, жаз жаңы келди быйыл бюджетке кирген баардык жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт”, - деди А.Кадырбаев.
Мындан тышкары, бала бакча, коомдук транспорт каттамдары, көчөлөрдү жарыктандыруу багытындагы суроолорго жооп берди. Ошондой эле, жыйындын алкагында өткөн жылы өткөрүлгөн жыйында эл тарабынан келип түшкөн маселелер каралып, иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат берилди. Ага утурлай акыркы үч жылдагы аткарылган иш-аракеттер туурасында тасма көрсөтүлдү.
Жалпысынан миңге чукул тургундар катышып, берилген ар бир суроо протоколго киргизилди.
Пикир
Оставить комментарий