Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйланды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Белгилей кетсек, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү көрсөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий