Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мектеп директорлорун дайындоо сынагы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, директорлорду дайындоо кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу жылдырылды.
"Сынак өткөрүлө турган даталар тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий