• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Ош шаарында Баткен облусунун эвакуацияланган 447 тургуну жайгаштырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаардык штабдын жетекчиси – Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тиешелүү тапшырмаларды берди:

- гуманитардык жардамды жөнөтүүнү улантуу, анын ичинде аскер кызматкерлери үчүн даяр азыктар менен негизги азык-түлүктөрдү жиберүүгө басым жасоо;

- гуманитардык жардамды жөнөтүүдөн мурда тезирээк бөлүштүрүү үчүн тизмени алдын ала даярдоо;

- Баткен облусунан эвакуацияланган жарандарды эң керектүү каражаттар менен камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын ар бир жашаган жерине социалдык мекемелердин жетекчилеринин ичинен жооптуу адамдарды бекитүү боюнча тапшырмалар берилди.

Учурда Ош шаарында Баткен облусунун эвакуацияланган 447 тургуну жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча борбордук штабы Баткен облусуна 10дон ашык жүк ташуучу унаалар менен гуманитардык жардам жөнөтүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий