• 87
  • 89.63
  • 0.85

Ошто автоээнбаштык жасаган 5 үлпөт той кортежине 75 миң сом айып салынды

Аймак 0


Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Ош шаарында автоээнбаштык жасаган 5 үлпөт той кортежине 75 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда Ош шаарында чоң жолду жаап, терезелеринен тулку боюн чыгарып, башка унааларга жол бербей, тоскоолдук жаратуу менен бара жаткан 5 үлпөт той кортеждеринин видео тасмасы тараган.

"Бул факты боюнча Ош шаарынын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, 5 авто унааны кармап, айып короо жайына токтотушуп, ар бир айдоочуга 15 миң сомдон жалпы 75 миң сомго айып салышты", - деди ал.

Байказы Айтикул уулунун айтымында, эми бул айдоочулар кайталап, автоээнбаштык жасай турган болсо, мыйзамга ылайык 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий