• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто эл аралык форум өттү

Билим 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. 20-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Билим берүү системасынын, илим жана эл аралык байланыштардын актуалдуу суроолору: Атамекендик жана чет элдик тажрыйбаны интеграциялоо” деген аталышта эл аралык форум болду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат басма сөз кызматы билдирди.

Иш чараны институттун ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, алыс-жакындан келген конокторго уюштуруу тобунун атынан ыраазычылык билдирүү менен жалпы форумдун катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Форумга РФдан Москва мамлекеттик педагогикалык университетинен, Кемерова университетинен, Томск мамлекеттик университетинен, Борбордук Азиядагы Америка университетинен, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен , Оштогу ЖОЖдордон, Билим берүү министрлигинен, Ош шаарынын мэриясынан жана эл аралык коомдук уюмдардан өкүлдөр катышып, дүйнөлүк билим берүүдөгү көйгөйлөр, ички-тышкы байланыштар туурасында кенен сөз кылышты.

Ошондой эле, отурумдун соңунда жалпы ой-пикирлер, сунуштар, баяндамалар эске алынып, бирдиктүү негизде резолюция кабыл алынды.

Эскерте кетсек, бул саамалык КР Билим берүү жана илим министрлиги, Ош шаарынын мэриясы, “Единство” коомдук фонду жана ОГПИ тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий